Социалдык фонд тарабынан ушул жылдын январь-май айлары үчүн 32 973 жаранга пенсия дайындалды. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.
Маалыматка ылайык, май айына 5317 жаранга пенсия дайындалган.
Мындан тышкары, 1501 пенсионерге эмгек стажы, эмгек акысы, майыптыгы боюнча кошумча берилген документтер боюнча пенсия кайра эсептелген.