Быйыл Баткен облусунда үч стадиондун курулушу башталат. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кыргыз футбол биримдигинин башкы катчысы Медербек Сыдыков жана КФБнын Президентинин кеңешчиси Аманбек Каскеримов иш сапары менен Баткен облусуна барды.
Иш сапардын жүрүшүндө, Баткен облусунда курула турган стадиондордо иштердин жүрүшү менен таанышып, Баткен, Кызыл-Кыя, Раззаков шаарларынын мэрлери жана курулуш иштерине тиешелүү уюмдардын адистери менен жумушчу жыйын өткөрдү.
Белгилей кетсек, 2025-жылы 20 жакын футбол объекттинин курулушу жана реконструкциясы пландалууда. Анын ичинде Баткен облусунда Баткен, Кызыл-кыя, Раззаков шаарларынын үч стадионунун курулушу пландалууда.
Жолугушуунун алкагында курулуш иштери, графиктер, каржылоо, логистиканы жакшыртуу жана долбоорлорду ишке ашыруунун бардык этаптарында көзөмөлдү камсыз кылуу маселелери көтөрүлдү.