Быйыл “балага сүйүнчү” 97 миңге жакын үй-бүлөгө берилди

Автор

Үстүбүздөгү жылдын 9 айында “балага сүйүнчү” бир жолку төлөмдөр үчүн 388 977 миң сом суммасында каржыланган. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, төлөмдөр 96 миң 934 балага түшкөн.
Министрлик эскертет, бала төрөлгөндө «балага сүйүнчү» бир жолку төлөмдүн өлчөмү ар бир балага 4000 сомду түзөт. Ал эми бир мезгилде үч же андан көп бала төрөлгөн учурда,“балага сүйүнчү” ар бир балага 50 миң сом өлчөмүндө төлөнөт. “Балага сүйүнчү” бир жолку төлөмүнө арыз берүү үчүн Калкты тейлөө борборлоруна (КТБ) же жарандык абал актыларын каттоо органдарына кайрылуусу керек. “Балага сүйүнчү” бир жолку төлөмүн алуу үчүн арыз бала төрөлгөн күндөн тартып алты ай ичинде тапшырылышы керек.
Акча каражаты арыз берилген күндөн 2 иш күндун ичинде банктык эсепке түшөт. Жаран акча каражатын РСК жана Айыл банктын каалаган филиалдарынын кассасы аркылуу, арыз берген күндөн тарта алты айдан кеч эмес мөөнөттө алуусу керек.
“Балага сүйүнчү” бир жолку төлөмүн алуу үчүн керектелүүчү документтер жеке паспорт жана баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүк. Жарандар арыз толтурууда уюлдук телефон номерди туура көрсөтүүсү зарыл, себеби: акча каражаты которулгандан кийин байланыш номерлерине СМС билдирүү банк аркылуу жөнөтүлөт.

Бөлүшүү:
Next Post

Беларуссияда учкучсуз түзүмдөр атып түшүрүлдү

5-сентябрда Беларуссиянын Коргоо министрлиги өлкөнүн мамлекеттик чек арасын бузган бир нече учкучсуз түзүм атып түшүрүлгөнүн кабарлады. Өлкөнүн армиясынын Башкы штабынын жетекчиси, полковник Сергей Фролов түн ичинде Гомельге жакын аймакта учкучсуз түзүм түшкөнүн айтты. Окуя боюнча текшерүү иштери жүргүзүлүүдө. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн