Быйыл “Алтын топту” сыйлыгын ким алат?

Автор

Дүйнөгө белгилүү спорттук басылма 2023/24-сезондун “Алтын топтун” ээсин атады. Бул сырды испаниялык Marca гезити ачты.
Маалыматка ылайык, олуттуу сыйлыктын ээси Бразилия курама командасынын жана «Реал Мадриддин» чабуулчусу 24 жаштагы Винисиус Жуниор алмакчы. Ал эми “Алтын топту” тапшыруу аземи 28-октябрда Парижде өтөт. Бул окуянын урматына Nike компаниясы ага атайын алтын бут кийимдерди даярдаганы белгиленген.
Белгилей кетсек, “Алтын топ” 1956-жылдан бери France Football тарабынан ыйгарылып келет. Өткөн жылы бул сыйлыкты тарыхта сегизинчи жолу аргентиналык Лионель Месси алган.

Бөлүшүү:
Next Post

27-сентябрга карата аба ырайы

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 27-сентябрга караган түнү көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу жана бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас облусунун айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар аралаш жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын болот. Түндүк-батыштан […]

Сизге жагышы мүмкүн