2023-жылдагы ажылык сапарына баруу үчүн ар бир адамга түзүлгөн калькуляция 3900 долларды түздү. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы маалымдады.
Маалыматка ылайык, ажыга барууга 1 миң доллар төлөп мүмкүнчүлүк алган ар бир талапкер 12-апрелден 17-апрель (17-апрелди кошо эсептегенде) РСК Банктын иштөө убактысы бүткөнгө чейин калган 2900 долларын төлөш керек.
Эске салсак, Сауд Арабия 2023-жылга ажылыкка Кыргызстан үчүн 6 миң квота бөлгөн.