Быйылкы “Алтын топ” сыйлыгынын ээси белгилүү болду

Автор

“Реал Мадрид” футбол клубу “Алтын топ” ыйгарыла турган 28-октябрды чыдамсыздык менен күтүүдө. Клуб сыйлыктын ээси алардын оюнчусу Винисиус Жуниор алаарына күмөн санабайт. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жазууда.
Клубда эч кандай ЖМКдан маалымат жана сыртка чыгып кеткен фактылар жок экени айтылат. Бирок Мадридде «Алтын топту» башка бирөө алат деп ойлобогон маанай сүрүүдө.
Белгилей кетсек, жаңы сезондун башталышында 24 жаштагы бразилиялык вингер бардык мелдештерде 13 беттеш өткөрүп, беш гол киргизип, беш пас берген. Дагы эки жолу ал пенальти алды.

Бөлүшүү:
Next Post

Пенсиянын көлөмү октябрь айында көтөрүлдү

Улуттук статистика комитети 2019-2023-жылга чейинки аралыкта пенсиянын көлөмү 3 миң 420 сомго көбөйгөнүн маалымдады. Кыргызстанда 2019-жылы орточо пенсия 5 миң 960 сом болсо, беш жыл ичинде 3 миң 420 сомго көбөйүп, ошондо, 2023-жылы 9 миң 380 сомго жеткени айтылат. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн