Быйылкы “Алтын топтун” жаңы ээси качан аныкталары айтылды

Автор

2024-жылкы “Алтын топтун” жаңы ээси качан аныкталары белгилүү болду. France Football журналынын версиясы боюнча 2024-жылдын эң мыкты футболчусуна сыйлык тапшыруу аземи 28-октябрда Париждеги Chatelet театрында өтөт.
Талапкерлер 4-сентябрда жарыяланат. Жалпысынан 10 номинация көрсөтүлөт.
Акыркы абройлуу сыйлык Лионель Мессиге ыйгарылган. Бул аргентиналык чабуулчу үчүн сегизинчи болду (2009, 2010, 2011, 2012, 2015, 2019, 2021 жана 2023). Бул сыйлыкты андан көп эч ким алган эмес.
Бул жолу France Football журналы УЕФА менен кызматташат, ал эми 2010-жылдан 2015-жылга чейин сыйлык ФИФА менен биргеликте берилген.

Бөлүшүү:
Next Post

Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун каржылоо такталды

Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун каржылоо, куруу, эксплуатациялоо жана тейлөөнү тактаган макулдашууга кол коюлду. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чара Пекинде өттү. Бул документ “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жол долбоорун ишке ашыруудагы маанилүү жетишкендик экени жана проектти аяктоого бекем негиз болору белгиленди. Анда темир […]

Сизге жагышы мүмкүн