БШК президенттик шайлоонун акыркы жыйынтыгын жарыялады

Автор

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Элла Памфилованын айтымында саясий өнөктүктө Владимир Путинге шайлоочулардын 87,28 пайызы же 76 миллион 277 миң 708 адам добуш берди.
Коммунисттик партиянын талапкери Николай Харитонов 4,31 пайыз же 3 миллион 768 миң 470 добуш алды.
“Жаңы адамдардын” өкүлү Владислав Даванков 3,85 пайыз же 3 миллион 362 миң 484 добуш алды.
3,2 пайыз же 2 миллион 795 миң 629 шайлоочу ЛДПРдин талапкери Леонид Слуцкийди колдоду.
Президенттик шайлоого шайлоочулардын акыркы көрсөткүчү 77,49 пайызды түзүп, 87 576 075 адам добуш берди. Памфилованын айтымында, азыркы Россиянын тарыхында мындай көрсөткүчтөр эч качан болгон эмес.
Россияда президенттик шайлоо үч күн бою, 15-марттан 17-мартка чейин өттү. 29 аймакта, анын ичинде Москвада аралыктан электрондук добуш берүү системасы иштеди.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстан Москвадагы терактыны кескин айыптайт

Кыргызстан “Крокус сити холлдо” көп сандаган адам өлүмүнө алып келген терактыны кескин айыптайт. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди. “Терроризм бардык формасында тынчтыкка, коопсуздукка жана туруктуулукка олуттуу коркунучтардын бири болуп саналат. Курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалайбыз”, – деп айтылат […]

Сизге жагышы мүмкүн