Борбордук шайлоо комиссиясы 10-сентябрга белгиленген Бишкектеги бир мандаттуу Ленин округундагы кайра шайлоого катышууга арыз берген 22 адамды талапкерликке каттады.
Аталган округдагы кайра шайлоого катышуу үчүн 34 киши арыз берген. Документтерди кабыл алуу 10-августта аяктаган, ал эми талапкерликке каттоо 20-августка чейин жүргүзүлөт.
Шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун корутундусунун негизинде тѳмѳндѳгү талапкерлер катталды:
- Алмаз уулу Аскар;
- Токтогул Какчекеев;
- Эртай Искаков;
- Бакир уулу Турсунбай;
- Сулайман Мамаев;
- Жамалбек Ырсалиев;
- Ыргал Кадыралиева;
- Нургүл Сооронбаева;
- Русланбек Тагаев;
- Бакыт Шаршембиев;
- Мурат Эсенаманов;
- Аттокур уулу Илимбек;
- Таалайбек Кермалиев;
- Карачач Исмаилова;
- Токтокүчүк Мамытов;
- Руслан Ажыбеков;
- Жеенбек Искендеров;
- Абдивали Балтабаев;
- Айбек Субанов;
- Бактыбек Рысалиев;
- Лейла Саралаева;
- Эркин Булекбаев.