БШК Жаныбек Абировдун талапкерлигин каттоодон баш тартты

Автор

Борбордук шайлоо  комиссиясы 2023-жылдын 10-сентябрында ѳтѳ турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын кайра шайлоого №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жаныбек Абировду талапкер кылып каттоодон баш тартты.

Маалыматка ылайык, жумушчу топ Жаныбек Абировдун шайлоого катышуу арызын четке каккан жыйынтык чыгарган. Сунуш бүгүн добушка коюлуп, аны БШКнын тогуз мүчөсү колдоп, үчөө каршы добуш берди.

Борбордук шайлоо комиссиясынын айрым мүчөлөрү ал кайра шайлоого катыша албай турганын билдирген. Алардын сөзүнө караганда, мыйзам боюнча кайра шайлоонун дайындалышына негиз болгон адам кайра талапкер боло албайт.

Эске салсак, Абиров үстүбүздөгү жылдын март айында өзү катышкан мушташтан улам мандатын тапшырган.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүнкү доллардын курсу

Бүгүн, 3-августка карата Кыргызстандын коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда 1 долларды сатып алуу 87.6  сомдон  болсо, сатуу  87.95 сомго   чейин  болууда. Ал эми Улуттук банкта 1 доллардын курсу 87.7569 сом  деп көрсөтүлгөн Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн