Россиянын Борбордук шайлоо комиссиясы протоколдордун 93,06 пайызын иштеп чыкты. Владимир Путин Россия Федерациясындагы президенттик шайлоодо чоң айырма менен жеңди.
Борбордук шайлоо комиссиясы төмөнкүдөй жыйынтыктарды жарыялады. Ага ылайык Путин – 87,26 пайыз, Харитонов – 4,29 пайыз, Даванков – 3,89 пайыз, Слуцкий – 3,16 пайыз добуш алды.