БУУ ATACMS ракеталарынын соккусунан кийин тынчсыздануусун билдирди

Автор

БУУнун Баш катчысынын кеңсеси Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн ATACMS алыскы аралыктагы ракеталары менен Брянск облусуна жасаган соккуларынан кийин жаңжалдын күчөшүнө тынчсыздануусун билдирди жана аны токтотууга чакырды.
«Биз ар дайым жаңжалдын күчөшүнө жана уланып жатканына тынчсыздануу билдирип келгенбиз, айрыкча күчөп жатканына»,-деди БУУнун Баш катчысынын өкүлү Стефан Дюжаррик журналисттин Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн ATACMS ракеталары менен Брянск облусуна жасаган соккусу боюнча комментарий берип жатып.
Россиянын Коргоо министрлиги 19-ноябрга караган түнү Украинанын Куралдуу күчтөрү Брянск облусуна алты ATACMS баллистикалык ракетасы менен сокку урганын маалымдаган. Мекеменин маалыматы боюнча, алардын бешөө “Панцирь” жана С-400 комплекстери тарабынан жок кылынган. Дагы бири зыянга учураган. Жабыркагандар жана кыйроолор болгон жок деп айтылды.

Бөлүшүү:
Next Post

Украина биринчи жолу Британиянын ракеталарын колдонгону кабарланууда

Украина биринчи жолу Британиянын алыстыкка атылуучу Storm Shadow ракеталарын Россиянын аймагындагы буталарга сокку уруу үчүн колдонду. Бул тууралуу The Guardian жана Bloomberg басылмалары өз булактарына таянып билдиришти. Улуу Британиянын премьер-министри Кира Стармердин басма сөз катчысы бул маалымат боюнча комментарий берүүдөн баш тартты. The Telegraph басылмасынын маалыматына ылайык, Курск облусундагы Марьино […]

Сизге жагышы мүмкүн