БУУ 23-октябрды Эл аралык ак илбирс күнү деп жарыяланды

Автор

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы Ассамблеясынын тийиштүү резолюциясынын негизинде 23-октябрь – Эл аралык ак илбирс күнү катары кабыл алынды. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармактагы баракчасына жазды.
“Урматтуу достор, силерге жакшы жаңылыгымды айта кетейин.
Муну менен Бириккен улуттар уюму президент Садыр Жапаровдун Эл аралык ак илбирс күнүн белгилөө демилгесин колдоп берди.
Бул тарыхый окуя Кыргызстандын Борбор Азиядагы кайталангыс табиятты сактоо боюнча аракеттеринин глобалдык маанисин ачыктап турат. Мындан ары бийик тоолуу экосистеманын символу болгон ак илбирс эл аралык күн катары белгиленет”, – деп жазды ал.
Алагөзов эске салгандай, үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында БУУнун Башкы ассамблеясында 79-жыйынында президент Садыр Жапаров ак илбирс региондун туруктуу өнүгүүсүнүн символуна айланганын айтып, аны сактоо боюнча Кыргызстандын аракеттерин тизмектеген.
Ошондой эле өткөн жылы мамлекет башчысы Садыр Жапаров “Ак илбирсти Кыргыз Республикасынын улуттук символу деп таануу жөнүндө” жарлыкка кол койгон.
“Ак кар-көк муздуу асман тиреген тоолорубузду байырлаган ак илбирс баштаган ажайып кооз жаратылышыбыздын баркына жетели, бапестеп сактайлы, урматтуу замандаштар!!!”, – деп жазды президенттин басма сөз катчысы.

Бөлүшүү:
Next Post

UWW: Балбан Айпери Медет кызы дүйнөлүк рейтингде биринчи орунга чыкты

Кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы күрөштүн биргелешкен дүйнөсүнүн (UWW) дүйнөлүк рейтингинде 2024-жылы биринчи орунга чыкты. Айпери быйылкы жылы төрт ири турнирге катышкан, анын ичинен Азия чемпиондугун, рейтингдик Zagreb Open жана Ясар Догу мелдешин жеңген. Натыйжада жыйынтыктоочу көрсөткүчтө ал 46 миң упайга ээ болуп, биринчи орунду ээлеген. Ал эми Айсулуу Тыныбекова […]

Сизге жагышы мүмкүн