2023-жылы дүйнө жүзү боюнча 85 миң аял менен кыз атайлап өлтүрүлгөн. Бул тууралуу баяндаманы «БУУ-Аялдар» түзүмү жана БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы (UNODC) даярдаган.
БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын аткаруучу директору Гада Вали фемицид боюнча жаңы доклад кылмышкерлерди жоопкерчиликке тарткан күчтүү сот адилеттиги тутумунун зарылдыгын белгилегенин айтты.
«16 күндүк активдүүлүк» кампаниясынын алкагында БУУ-Аялдар демилге көтөрүп, милдеттенмелерди жаңылоого, чечим кабыл алуучулардын жоопкерчилигин арттырууга жана чечкиндүү аракеттерди көрүүгө чакырат.