БУУ Украина калкы 10 миллионго кыскарганын жарыялады

Автор

БУУнун Чыгыш Европа жана Борбордук Азия боюнча аймактык директору Флоренс Бауэр Украинадагы согуштук аракеттер өлкөдөгү төрөттүн кескин төмөндөшүнө алып келгенин билдирди. Анын айтымында, 2014-жылдан бери Украинанын калкы 10 миллиондон ашык адамга азайган. 2022-жылдын февралынан бери 8 миллионго кыскарган. «Төрөт деңгээли төмөндөп кетти. Бул Европадагы эң төмөнкү деңгээл жана дүйнөдөгү эң төмөнкү көрсөткүчтөрдүн бири»,-деди ал Женевада журналисттер менен болгон жолугушууда.
Бауэр качкын макамына ээ болгон жер которгон адамдардын санын 6,7 миллион адам деп баалады. Украинанын акыркы эл каттоосу 2001-жылы жүргүзүлгөн. 1989-жылы Украинанын калкы 51,5 миллион болсо, 2001-жылы 48,5 миллион болгон.

Бөлүшүү:
Next Post

Ысык-Көл театры Түркмөнстанда эл аралык фестивалда баш байгени жеңип алды

К.Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драма театры Түркмөнстанда өткөн Түрк тилдүү мамлекеттердин II эл аралык театралдык фестивалынын баш байгесин жеңип алды.Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, театралдык фестиваль ТҮРКСОЙ эл аралык уюму тарабынан уюштурулган. Кыргызстанга келген аталган фестивалдын жеңүүчүлөрүн Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык […]

Сизге жагышы мүмкүн