БУУ Сребреницадагы окуяларды геноцид деп тааныды

Автор

БУУнун Башкы ассамблеясы Германия менен Руанда тарабынан даярдалган 1995-жылдагы Боснияда болгон Сребреница геноциди боюнча резолюцияны жактырды. Бул демилгени 84 өлкө колдоп, 68и калыс, 19у каршы чыкты. Каршылардын арасында Россия менен Кытай бар.
Документтин расмий текстине ылайык, Сребреницадагы геноцидди тарыхый окуя катары тануу кабыл алынгыс.
Сербиянын президенти Александр Вучич БУУ бул резолюцияны көз карандысыз позициясы бар өлкөлөрдү жазалоо үчүн пайдаланып жатат деп эсептейт.
Серб Республикасынын президенти Милорад Додик сербдер геноцид жөнүндөгү баянды колдобой турганын жана Боснияны бөлүү боюнча тынчтык планын сунуштоону пландап жатканын билдирди.
Сребреница кыргыны 1995-жылы болгон.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстанда пенсияга чыгуу курагы узартылбайт

Кыргызстанда жакынкы аралыкта пенсия курагын көтөрүү планы жок. Бул тууралуу Социалдык фондунун төрагасы Бактияр Алиев маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, өлкөдө пенсияга чыгуу курагы мурдагыдай эле – аялдар үчүн 58 жаш, эркектер үчүн 63 жаш. Белгиленгендей, Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун эсеби боюнча, акыркы 15 жылда адамдын өмүрүнүн узактыгы 4 […]

Сизге жагышы мүмкүн