БУУ Севастополго болгон кол салуу боюнча билдирүү жасады

Автор

БУУнун Башкы катчысынын расмий өкүлү Фархан Хак Украинанын Куралдуу Күчтөрү тарабынан Севастополго жасалган кол салуу боюнча айткандарында жайкын тургундардын арасында курмандыктар болбошу үчүн чараларды көрүүгө чакырды.
“Биз бардык тараптардын жайкын тургундардын арасында курмандыктар болбошу үчүн чараларды көрүшүн каалайбыз”,-деди ал.
23-июнда Украинанын Севастополго ATACMS ок-дарылары менен менен кол салуусунан 150 адам жабыркады. Бешөөнү куткарып калуу мүмкүн болгон жок. Россиядагы балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Мария Львова-Белованын айтымында, жабыркагандардын арасында 27 бала болсо, бешөө оор абалда.

Бөлүшүү:
Next Post

Садыр Жапаров Россия президенти Владимир Путинге көңүл айтты

Садыр Жапаров Россия президенти Владимир Путинге көңүл айтты Президент Садыр Жапаров Россия президенти Владимир Путинге Дагестандагы террактка байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү. “Дагестанда болуп өткөн террактка байланыштуу көңүл айтуумду кабыл алыңыз. Каза болгондордун туугандарына жана жакындарына сабыр тилеп, бул трагедиядан жабыркагандар тезирээк сакайып кетүүсүн каалайм. Кыргызстан терроризмдин бардык түрлөрүнө каршы […]

Сизге жагышы мүмкүн