БУУ Нетаньяхуга кайрылды: Тынч тургундардын азабын жеңилдетүү зарыл

Автор

БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын жана Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) жетекчилиги Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхуга жеке түрдө кайрылып, Газа секторунда, Иордан дарыясынын батыш жээгинде жана Ливанда “көптөгөн тынч тургундардын азабын жеңилдетүүгө” чакырышты.
«Биз сизден, премьер-министр катары, Израиль өкмөтү өзүнүн милдеттенмелерин жана убадаларын аткарышын камсыздоо үчүн колдоо көрсөтүүнү суранабыз. Өзгөчө кырдаалдардагы жардамдын натыйжалуулугун жана биздин кызматкерлер менен жай тургундардын коопсуздугун коргоону камсыздоо зарыл», — деп айтылат алардын катында. Анын авторлору ЮНИСЕФтин жана Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын аткаруучу директорлору Кэтрин Мэри Рассел жана Синди Маккейн.
БУУнун маалыматы боюнча, 2023-жылдын октябрынан тартып Газа секторунда 312 гуманитардык кызматкер каза болгон. Алардын 230у БУУнун кызматкерлери. Сентябрь айында БУУнун Гуманитардык иштерди координациялоо башкармалыгы Израиль Газанын түндүгүнө кирген гуманитардык жардамдын жарымын бөгөп койгонун билдирген.

Бөлүшүү:
Next Post

Камила Талиева: "Негизи эле социалдык тармак өлдү. Муну моюндашыбыз керек"

“Бул эрке министр болду. Элдин маселеси боюнча чалсаң, деги бир телефонун албайт. Кыйраткансып, дайыма эле командировкада”,- деди Камила Талиева саламаттык сактоо министрине издөө салып. “Бул киши кайсы жакта, көрбөйбүз. Анан эле командировкада. Дайыма президенттин атын сатат. Президент менен жүрөм дейт. Бирок, президент андан миллион эсе мекенчил. Президентти бир колдонот, эки […]

Сизге жагышы мүмкүн