БУУ неонацизм менен күрөшүү боюнча резолюция кабыл алды

Автор

БУУнун Башкы ассамблеясынын Үчүнчү комитети «Улутчулдук, неонацизмди даңазалоого жана расизмдин, расалык дискриминация сыяктуу аларга заманбап формаларына каршы күрөшүү резолюциясын колдоп добуш берди. Бул резолюцияны Россия сунуштаган.
Документ үчүн 116 мамлекет добуш берди. 54 өлкө каршы болду. 11 мамлекет добуш берүүдө калыс калды.
БУУнун Башкы ассамблеясынын Үчүнчү комитети резолюцияга Россиянын Украинада жүргүзүп жаткан аскердик операциясын неонацизмге каршы күрөш деп түшүндүрүүгө аракет кылгандыгы тууралуу оңдоону киргизди. Бул оңдоону 66 өлкө колдосо, 43 өлкө каршы чыгып, 51 өлкө калыс калды. Жыйындын жазуусу БУУнун сайтында жарыяланды.
Россия бул резолюцияны Кытай, Түштүк Африка Республикасы, Түндүк Корея, Армения жана Сербия сыяктуу бир катар өлкөлөр менен биргеликте иштеп чыккан. Документте мамлекеттерге «Экинчи дүйнөлүк согуштун тарыхы жана натыйжаларын кайра карап чыгууга жол бербөө максатында адам укуктары боюнча эл аралык милдеттенмелерине ылайык, мыйзам чыгаруу жана билим берүү чөйрөсүндө тийиштүү конкреттүү чараларды кабыл алуу» сунушталат.
Резолюция 74 пункттан турат. Анын ичинде улутчулдукту пропагандалоо жана даңазалоого байланышкан окуяларды айыптоо камтылган. Ошондой эле нацизмге байланыштуу «ар кандай майрамдык салтанаттарды» тыюу сунушу да бар.

Бөлүшүү:
Next Post

Садыр Жапаров иш сапары менен Бакуга барды

Президент Садыр Жапаров Бириккен Улуттар Уюмунун Климаттын өзгөрүүсү боюнча Алкактык Конвенциясынын (БУУ КӨАК) тараптарынын 29-конференциясына катышуу үчүн Азербайжандын Баку шаарына иш сапар менен келди. Мамлекет башчынын учагы Гейдар Алиев атындагы эл аралык аэропортко конду. Эске салсак, иш сапардын алкагында 12-ноябрда мамлекет башчысы Климаттык саммиттин ачылыш аземине катышып, конференциянын пленардык сессиясында […]

Сизге жагышы мүмкүн