Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Палестинанын гуманитардык иштер боюнча координатору Линн Хастингс “Гуманитардык жардам иш-чаралары жооп бере албай турган коркунучтуу сценарий пайда болуу алдында турат”,-деди.
Ал жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө Израилдин Газага кол салууларынын жарандарга тийгизген таасирин баса белгиледи.
Газада бардык жер кооптуу экенине жана бара турган жердин калбагандыгына көңүл бурган Хастингс, Израилдин кол салууларды баштоосу он миңдеген адамдарды тамак-аш, суу жана баш калкалоочу жай табууда барган сайын кыйналганын билдирди. Ал Газадагы иштебей турган баш калкалоочу жайлардын, кыйраган саламаттык сактоо системасынын, таза ичүүчү суунун жетишсиздигинин жана психикалык жана физикалык жактан чарчаган адамдардын туура эмес тамактануусу коомго коркунуч туудурган эпидемияларга алып келиши мүмкүн экенине көңүл бурду.
“БУУ жана бейөкмөт уюмдар 2,2 миллион калкты колдоого ала албайт. Коммерциялык жана мамлекеттик секторлорго Газага жүк ташууга уруксат берилиши керек. Гуманитардык жардам иш-чаралары жооп бере албай турган коркунучтуу сценарий пайда болуу алдында турат”,-деди Хастингс.
Коопсуз деп аталган аймактардын жана чатыр шаарлардын түзүлүшү керектигин белгилеп, бул аймактарда адамдардын эркин кыймылдашы жана жардамдын жеткирилишине кепилдик зарылдыгын баса белгиледи.