БУУ Израил Газа тилкесинин түндүк бөлүгүнүн тургундарына 24 сааттын ичинде анклавдын түштүгүнө көчүүгө буйрук бергени тууралуу маалымат алганын уюмдун баш катчысынын өкүлү Стефан Дюжаррик билдирди.
“БУУ ансыз деле трагедиялуу кырдаалды катастрофалык абалга айландырбоо үчүн эгер тастыкталса, мындай буйрукту жокко чыгарууга чакырат”,-деди ал.
Бириккен Улуттар Уюмунун маалыматы боюнча, жума күнү түн ортосуна жакын келген буйрук 1,1 миллионго жакын адамга – Газа тилкесиндеги калктын жарымына тиешелүү.
Акыркы маалыматтар боюнча, Израилдин Газа тилкесине жасаган соккуларынан 1,4 миңден ашуун адам набыт болуп, 6,2 миңден ашууну жарадар болгон. ХАМАСтын Израилдеги чабуулдарынан 1,2 миңден ашуун адам набыт болуп, 3,2 миңден ашууну жарадар болгон.