БУУнун башчысынын расмий өкүлү Стефан Дюжаррик уюмдун көз карашында Владимир Зеленский ыйгарым укуктары аяктаганына карабай Украинанын президенти бойдон кала берээрин билдирди.
“Президент Зеленский биз үчүн Украинанын мамлекет башчысы жана башкы катчы украин лидери менен байланышуу керек болгондо сүйлөшкөн адам бойдон калууда”,-деди Дюжаррик журналисттердин суроосуна жооп берип жатып.
2019-жылы шайланган Зеленскийдин ыйгарым укуктары 20-майда аяктаган. Бирок, аскердик абалга байланыштуу өлкөдө шайлоо өткөн жок.
Эркин күрөш боюнча балбандар Будапеште рейтингдик мелдешке катышат
Шей Май 21 , 2024