Судандын куралдуу күчтөрү жана тез аракеттенүүчү күчтөрүнүн аскерлештирилген тобу согуштук аракеттерди үч саатка токтотуу жөнүндөгү Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) сунушуна макул болушту. БУУнун Суданга өткөөл жардам көрсөтүү миссиясы тактагандай, согуштук тыныгуу 16:00дөн 19:00гө чейин жарактуу.
Судандын борбору Хартумда Судан армиясы менен тез аракеттенүүчү күчтөрүнүн ортосунда оор куралдуу кагылышуу болду. Аталган топтун жетекчилиги Судандын куралдуу күчтөрү эч кандай эскертүүсүз Хартумдун түштүк четиндеги базаларынын бирин курчоого алганын айтты.
Судан армиясынын командачылыгы алардын иш-аракеттерин эч кандай координациясыз бир нече жолу аракет кылганы түшүндүрдү.
Алдын ала маалыматтарга караганда 56 жай тургун набыт болду.