БУУ жарандык инфраструктурага ар кандай кол салууларга каршы экенин Украинанын куралдуу күчтөрүнүн Белгородго чабуулуна байланыштуу дүйнөлүк уюмдун башкы катчысынын өкүлүнүн орун басары Фархан Хак билдирди.
12-майда Белгородду кезектеги аткылоодон кийин Харьковская Гора районундагы көп кабаттуу үйдүн биринчи кабатынан онунчу кабатына чейин подъезд ураган. Акыркы маалыматтар боюнча, алты адам көз жумса, 20га жакыны жарадар болгон. Үйдүн жашоочулары көчүрүлдү. Куткаруучулар урандыларды тазалоону улантышууда.