“Адамзат өзөктүк куралды колдонуу коркунучунан улам глобалдык кыйроонун босогосуна жакындап баратат, бул бүгүнкү күндө акыркы 100 жылдын ичинде болуп көрбөгөндөй жогору”,-деп билдирди БУУнун Башкы Ассамблеясынын президенти Чаба Кереши.
“2022-жылы дүйнөлүк аскерий чыгымдар рекорддук көрсөткүчкө жетип, 2,2 триллион долларга жетти. Геосаясий атаандаштык жана куралдуу кагылышуулардын көбөйүшү адамзатка коркунучтарды алып келди. Өзөктүк арсеналдардын жана мүмкүнчүлүктөрдүн өсүп жаткандыгынын көптөгөн белгилерин көрүп жатабыз. Бул кылымда глобалдык катастрофага болуп көрбөгөндөй жакындап калдык»,-деди Кереши.