БУУ: Дүйнөдө 1,1 миллиард адам өтө жакыр шарттарда жашайт

Автор

1,1 миллиард адам дүйнөдө өтө жакыр шарттарда жашайт, алардын жарымы согуш жүрүп жаткан өлкөлөрдүн жарандары экенин БУУ маалымдайт. Бул маалыматтар 112 өлкөнүн он жылдык статистикасына негизделген. Баяндамада согуш абалындагы өлкөлөрдө орто эсеп менен калктын 34,8 пайызы жакырчылыкта жашаганы, ал эми тынч өлкөлөрдө бул көрсөткүч 10,9 пайызды түзөрү белгиленген. «Акыркы жылдары кагылышуулар күчөп, курмандыктар көбөйүп, миллиондогон адамдарды үйлөрүн таштап кетүүгө мажбур кылды, алардын жашоолорун бузуп, жашоо каражаттарынан ажыратты»,-деп билдирди БУУнун Өнүгүү программасынын (ПРООН) башчысы Ахим Штайнер.
Жарыяланган маалыматка ылайык, жакыр адамдардын жарымынан көбү 18 жашка чейинки балдар. Дүйнө жүзүндө балдардын 27,9 пайызы жакырчылыкта жашайт, ал эми чоң кишилердин арасында бул көрсөткүч 13,5 пайызды түзөт.
10 жыл ичинде 76 өлкө жакырчылыкты азайта алды. Бирок, болгону тогуз өлкө «көп багыттуу» жакырчылыктын деңгээлин олуттуу түрдө төмөндөтө алган.

Бөлүшүү:
Next Post

Зеленский АКШдагы шайлоодон кийин эмне болорун айтты

АКШдагы шайлоолор аяктагандан кийин Украинадагы жаңжал боюнча үч сценарий бар. Бул тууралуу Украина президенти Владимир Зеленский The Financial Times басылмасына берген маегинде билдирди. Ал АКШдагы шайлоолордон кийин бизге эмне сунушташарын билбейм деди. Украина президентинин ою боюнча, сценарийлердин бири колдоонун улантылышы. Бирок союздаштар кээ бир тобокелдиктерден коркуп жатышат. Зеленский кошумчалагандай, калган […]

Сизге жагышы мүмкүн