БУУ Дуровдун камакка алынышы тууралуу айтты: Кырдаалга көз салып жатабыз

Автор

БУУнун катчылыгы Telegram негиздөөчүсү Павел Дуровдун камалышы боюнча пикир айтты. Бүткүл дүйнөлүк уюмдун башкы катчысынын расмий өкүлү Стефан Дюжаррик Павел Дуровдун камалышы тууралуу айткандарында “Биз жагдайды көзөмөлдөп жатабыз, бирок азырынча комментарий берүүгө даяр эмеспиз”,-деди.
Павел Дуров 24-августта Париждин Ле-Бурже аэропортунда кармалган. Ага 20 жылга чейин эркинен ажыратуу коркунучу бар. Telegram мессенжерин негиздеген ишкердин камалышы боюнча миллиардер Илон Маск, ошондой эле америкалык журналист Такер Карлсон пикир билдирип, мындай аракеттер бардык платформа ээлерине эскертүү деп атады.
Telegram мессенжеринин командасы да билдирүү жасап, алардын башкы директорунун жашыра турган эч нерсеси жок экенин белгиледи.
Франциянын президенти Эммануэль Макрон ишкердин камалышы боюнча пикирин айтты. Ал Павел Дуровдун камалышы саясий чечим эмес экенин айтты.
Париж прокуратурасы Дуровдун иши боюнча билдирүү жасап, ал 28-августка чейин камакта калышы мүмкүн экенин кабарлады.
Дуровго каршы иш 8-июлда ачылган. Ал 12 кылмыш боюнча айыпталууда.

Бөлүшүү:
Next Post

"Бейиш эненин таманында" тасмасы Москвада өткөн кинофестивалда баш байгени жеңди

Режиссёр Руслан Акундун “Бейиш эненин таманында” тасмасы Москвада өткөн “Будем жить” XIII эл аралык кинофестивалынын баш байгесине татыды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Москва шаарындагы Борбордук кино үйүндө уюштурулган иш-чарага Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин өкүлдөрү катышкан. “Сынактын баш байгесине кыргызстандык режиссёр Руслан Акундун “Бейиш эненин таманында” тасмасы татыды. […]

Сизге жагышы мүмкүн