Газа тилкесинен Египетке гуманитардык коридор ачуу боюнча сүйлөшүүлөр уланууда. Бирок азырынча күтүлгөн жыйынтык жок экенин БУУнун баш катчысынын өкүлү Стефан Дюжаррик журналисттер үчүн брифингде билдирди.
Анын айтымында, эч кандай жылыш болгон жок, бирок талкуулар ар кандай деңгээлде активдүү уланууда. «Башкы катчы телефондук байланыштарды жүргүзүп жатат жана БУУнун атайын координатору Тор Веннесланд дагы бул багытта иш алып барууда»,-деп баса белгиледи Баш катчынын өкүлү.