БУУ Газада жардам күткөн жарандардын өлтүрүлүшүн айыптады

Автор

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антонио Гутерреш Газадагы кол салууда 100дөн ашуун жарандын жардам күтүп жатып Израил тарабынан өлтүрүлүшүн айыптап, тез арада ок ​​атышууну токтотууга чакырды.
БУУнун басма сөз катчысы Стефан Дюжаррик даярдаган жазуу түрүндөгү билдирүүдө, Газада каза болгондордун саны 30 миңден ашканы, жаралуулардын саны 70 миңден ашканы, белгисиз сандагы аламдар урандылардын астында экени белгиленди.
“Башкы катчы Газанын түндүгүнө жардам күтүп жатып 100дөн ашуун киши көз жумган окуяны айыптайт. Айласы кеткен карапайым калк чукул жардамга муктаж”-деп жазылган.
Мындан тышкары, Газа боюнча чукул гуманитардык жардам бөлүштүрүү каналдарынын ачылышы керектигин баса белгиленип, тез арада ок ​​атышууну токтотуу жана бардык туткундардын эч кандай шартсыз бошотулушуна чакырганы белгиленди.

Бөлүшүү:
Next Post

2-мартка карата аба ырайы

2-мартта өлкөнүн көпчүлүк аймактарында кар жаайт. Айрым аймактарга туман түшөт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз -4…+1, Талас өрөөнүндө түнкүсүн -5…-10, күндүз -1…-6, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -3…+2, күндүз +1…+4, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…-6, […]

Сизге жагышы мүмкүн