БУУ: Газадагы 300 миң тоннадан ашык калдык коркунуч жаратууда

Автор

Газа тилкесиндеги жана анын жанындагы калктуу пункттарда 330 миң тоннадан ашык калдыктар топтолуп, алар айлана-чөйрөгө жана калктын ден соолугуна олуттуу таасирин тийгизүүдө.
Палестиналык качкындарга жардам берүү жана иштерди уюштуруу боюнча БУУ агенттигинин (Бапор) Х социалдык тармагындагы билдирүүсүндө “9-июндагы абал боюнча, Газадагы калктуу пункттарда жана алардын жанында 330 миң тоннадан ашык калдыктар топтолуп, бул айлана-чөйрөгө жана адамдардын ден соолугуна катастрофалык коркунучтарды жаратууда”,-деп айтылат билдирүүдө.
Буга чейин БАПОР Израилдин Газа секторуна болгон чабуулдары палестиналыктардын жашоосун толугу менен өзгөртүп, айлана-чөйрөгө жана экологияга чоң зыян келтиргенин, андан суу, абанын жана азык-түлүктүн тазалыгы көз каранды экенин билдирген.
Жергиликтүү саламаттыкты сактоо органдарынын маалыматы боюнча 7-октябрдан бери Газада 37,2 миңдей палестиналык же көбү аялдар жана балдар көз жумган. 84,8 миңден ашуун адам жаракат алган.
БУУнун Эл аралык соту Израилди геноцидде айыптап, Рафахтагы чабуулду токтотууну талап кылган.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстандын футбол курамасына жаңы машыктыруучу дайындалды

Максим Лисицын Кыргызстандын футбол курама командасынын башкы машыктыруучусу болуп дайындалды. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Кыргызстандын футбол курама командасын сентябрь айында баштала турган 2026-жылкы Дүйнө Чемпионатынын тандап алуу оюндарынын үчүнчү баскычына дайындайт. Максим Лисицын Кыргызстандагы ишмердүүлүгүн 4 жыл мурун баштаган. 2022-жылы анын жетекчилиги алдындагы КР U-20 жаштар […]

Сизге жагышы мүмкүн