БУУ: Газадагы кырдаал балдардын өлүмүнө алып келиши мүмкүн

Автор

Азык-түлүк тартыштыгы, ачарчылык жана илдеттин тез жайылышы Газа тилкесинде балдардын массалык өлүмүнө алып келиши мүмкүн. Бул тууралуу Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ДССУ), БУУнун балдар фонду ЮНИСЕФ жана Дүйнөлүк азык-түлүк программасы билдирди.
Биз бир нече жумадан бери Газа тилкеси азык-түлүк каатчылыгынын босогосунда турганын эскертип келгенбиз”,-деди ЮНИСЕФтин аткаруучу директорунун гуманитардык маселелер боюнча орун басары Тед Чайбан.
Баяндамага ылайык, апталар бою бардык гуманитардык жардамдар үзгүлтүккө учураган. Эки жашка чейинки балдардын 15,6 пайызы жакшы тамактанган эмес. Газанын түндүгүндө абал оор.

Бөлүшүү:
Next Post

UFC Конор Макгрегор менен кызматташуусун улантат

UFC президенти Дана Уайт промоушендин ирландиялык аралаш мушташ боюнча мушкер Конор Макгрегор менен кызматташуусу тууралуу айтып берди. Уайт белгилегендей, Макгрегор лигадагы эң мыкты бизнес өнөктөштөрдүн бири. «Конор МакГрегор, балким, бизде болгон эң мыкты бизнес өнөктөштөрдүн бири. Акча табууга келгенде, Конор эң кыйын өнөктөш. Мыкты бизнесмен», – деди Уайт маалымат жыйынында. […]

Сизге жагышы мүмкүн