БУУнун күчтөрү Ливандагы позицияларында кала берет

Автор

БУУнун убактылуу күчтөрү (UNIFIL) Израиль армиясынын бир катар калктуу конуштардан кайра жайгашуу сунушуна карабастан, Түштүк Ливандагы өз позицияларында кала беришет. Бул тууралуу тынчтык орнотуучу күчтөрдүн расмий өкүлү Андреа Тененти билдирди.
“Тынчтык орнотуучулар бардык позицияларда кала беришет жана БУУнун туусу желбиреп турат. Биз иш-аракеттерибизди дайыма тууралап турабыз. Бизде өзгөчө кырдаалдар үчүн иш-аракеттердин пландары бар. Эгерде зарылчылык жаралса, аларды ишке ашырабыз”,-деди Тененти.

Бөлүшүү:
Next Post

6-октябрь: Көпчүлүк аймактарда жамгыр жаайт

Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, 6-октябрга караган түнү Талас облусунун көпчүлүк аймактарында, Баткен облусунун айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан, бийик тоолуу райондорунда жаан, кар жаашы мүмкүн. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын  айрым жерлеринде жаан, бийик […]

Сизге жагышы мүмкүн