БУУнун Коопсуздук Кеңеши Израиль менен Газа боюнча билдирүү кабыл ала алган жок

Автор

Палестина-Израиль же жаңжал аймагындагы кырдаал боюнча БУУнун Коопсуздук кеңешинин жабык жыйыны өттү. Бирок Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү эч кандай билдирүүнү кабыл ала алышкан жок. Россия Федерациясынын Туруктуу өкүлү Небензя журналисттердин Израиль менен Газадагы кырдаал боюнча кандайдыр бир билдирүү жасоо боюнча суроосуна терс жооп берди. Мальтанын Туруктуу өкүлү Ванесса Фрейзер бул маселе боюнча бир дагы өлкө билдирүү долбоорун сунуштабаганын кошумчалады. Бирок ал БУУнун Коопсуздук Кеңешинин бардык мүчөлөрү Хамастын Израилге жасаган чабуулун айыптаганын баса белгиледи. Бириккен Араб Эмираттарынын Туруктуу өкүлү Лана Заки Нусейба БУУнун атайын координатору Тор Веннесланд жаңжал аймагындагы абал боюнча баяндама жасаганын тактады. АКШнын БУУдагы туруктуу өкүлүнүн орун басары Роберт Вуд Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү бул кол салуулар болбошу керек болчу деген пикирде экенин белгиледи. Америкалык өкүл кырдаал мындан да начарлап кетпейт деген үмүтүн билдирди.

Бөлүшүү:
Next Post

Бразилиялык футболчу Неймар кыздуу болду

Бразилия курама командасынын лидери Неймар экинчи жолу ата болду. Сауд Арабиянын “Аль-Хилал” клубунун футболчусунун үй-бүлөсүндө кыз төрөлдү. «Аль-Хилал» клубунун жетекчилиги Неймарды бир нече күндүк эс алуу менен камсыз кылган. Футболчу кызы төрөлгөн Бразилияга барган. Неймардын жубайы Бруна Бианкарди кызынын төрөлгөнүн жарыялады. Кыздын аты Мави болду. Бактылуу ата кыска эс алууга […]

Сизге жагышы мүмкүн