БУУнун Коопсуздук Кеңеши Газа тилкесинде ок атышууну токтотуу боюнча резолюция кабыл алды. Бул тууралуу маалымат эл аралык уюмдун расмий порталында пайда болду.
Документти БУУнун Коопсуздук кеңешинин 14 мүчөсү колдоду. Бул жолу АКШ калыс болуп, резолюцияга бөгөт койгон жок.
Буга чейин Россия Федерациясы менен Кытай БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Газадагы элдешүү боюнча америкалык резолюциясына бөгөт койгон. Анда Москва менен Пекин Израилдин ХАМАС менен согушунда ок атышууну токтотуунун конкреттүү ыкмаларынын жоктугунан улам документти келечексиз деп эсептешкен.