Россия дүйшөмбү күнү Киевдеги балдар ооруканасына ракеталык сокку уруп, Украинанын башка шаарларын да ушул сыяктуу соккуларга дуушар кылды.
Украинанын президенти Владимир Зеленский массалык ракеталык соккулардан улам каза тапкан жайкын тургундардын саны 37ге жеткенин билдирди. Алардын арасында үч бала бар. Дагы 170 адам, анын ичинде 13 бала жаракат алышты. “Жалпысынан 100гө жакын объект, анын ичинде балдар ооруканасы, кадимки үйлөр, бала бакчалар, төрөт үйү, колледж, бизнес борбор зыянга учурады. Урандыларды тазалоо иштери уланып жатат”,-деди мамлекет башчысы.
8-июлда, Россиянын аскерлери Украинага 40ка жакын ар кандай типтеги ракеталарды учурган. Киев, Днепр, Кривой Рог, Покровск, Славянск жана Краматорск чабуулга алынган.
БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш Россиянын соккуларын кескин айыптады. Ал балдар ооруканасына жана дагы бир саламаттыкты сактоо объектисине жасалган ракеталык соккуларды “өзгөчө үрөй учурган” деп атады.
“Жайкын тургундарга жана жайкын объекттерге сокку уруу эл аралык гуманитардык укукка ылайык тыюу салынат. Мындай кол салууларга жол берилбеши керек жана алар дароо токтотулушу керек”, – деп билдирди Гутерриштин өкүлү Стефан Дюжаррик.
Коопсуздук Кеңешинин жыйыны шейшемби күнү эртең менен Улуу Британия, Франция, Эквадор, Словения жана АКШнын талабы боюнча чакырылат.
Россиянын Коргоо министрлиги аскерлер Украинанын коргонуу өнөр жай объекттерине жана учак базаларына сокку урганын билдирди. Министрлик жайкын тургундарды аткылоо боюнча айыптоолорду четке какты.