Нью-Йорк убактысы боюнча саат 13:00дө БУУнун штаб-квартирасында Улуу Британиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Барбара Вудворд пресс-конференция өткөрөт. Анда журналисттерге дүйнөлүк уюмдун негизги түзүмүнүн жыйындар программасы тууралуу маалымат берилет.
Ал эми Улуу Британиянын жетекчилигинде Коопсуздук Кеңешинин алгачкы жыйындарынын бири дүйшөмбү, 4-ноябрда өтүшү мүмкүн.
Улуу Британия, Мальта, Словения, АКШ, Франция, Түштүк Корея жана Япония 4-ноябрда Түндүк Кореянын ракеталык учурулушуна байланыштуу БУУнун Коопсуздук Кеңешинин жыйынын өткөрүүнү суранды.
Жыл бою Коопсуздук Кеңеши болжол менен 20га жакын ачык жыйындарды жана жабык консультацияларды өткөрөт.
БУУнун Коопсуздук Кеңеши 15 мүчөдөн турат. Анын ичинде 5 туруктуу мүчөсү — Улуу Британия, Кытай, Россия, АКШ жана Франция. 10 убактылуу мүчөлөрү — Алжир, Гайана, Мальта, Мозамбик, Корея Республикасы, Словения, Сьерра-Леоне, Швейцария, Эквадор жана Япония. Дүйнөлүк уюмдун Уставына ылайык, Коопсуздук Кеңеши тынчтыкты жана эл аралык коопсуздукту камсыз кылууга жооп берет жана анын чечимдерине БУУнун бардык мүчө өлкөлөрү баш ийүүгө милдеттүү.