БУУнун башкы комиссары Филипп Лазарини Газа тилкеси азыр жашоого жараксыз экенин билдирди. Муну ал аймактагы кырдаалдын начарлашы менен түшүндүрдү. Инфраструктура талкаланды. Согуштук аракеттер кайра башталгандан бери БУУ шаардын түндүгүнө кире албайт.
Аскердик саясат таануучулар ассоциациясынын эксперти Андрей Кошкин белгилегендей, Газанын 80 пайыз калкы үй-жайын таштап, түштүккө көчүүгө аргасыз болгон. Эми алар аскерлердин талабы менен бул аймактардан баш тартууга аргасыз болушту.