БУУнун баш катчысы 2024-жылы биригүүгө чакырды

Автор

БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш 2024-жылы бардык өлкөлөрдү биригүүгө жана пикир келишпестиктерди жеңүүгө чакырды. Ал келе жаткан жыл “ишенимди калыбына келтирүү” жылы болушу керек деп эсептейт.
Анын айтымында 2023-жыл азап-кайгы, зордук-зомбулук жана климаттык башаламандыктын жылы болду. Адамдар жакырчылыктын жана ачарчылыктын көбөйүп жаткан көйгөйлөрүнүн кысымына кабылып, согуштар ырайымсыз жана көп болуп баратат.
«Ишеним азайып баратат. Өз ара айыптоо жана курал менен коркутуу эч нерсеге алып келбейт. Адамзаттын күчү адамдардын биримдигинде»,-деп белгиледи Башкы катчы видеокайрылуусунда.
Антониу Гутерриш өлкөлөр “коомчулуктар ортосундагы мамилелерди ууландырган” дискриминацияга жана жек көрүүчүлүккө каршы биргелешип иштеши керек деп ишенет.
«2024-жыл ишеним калыбына келтирилген жана үмүт калыбына келген жыл болушу керек. Биз пикир келишпестиктерди жеңүү жана жалпы чечимдерди табуу үчүн биригишибиз керек”,-деди Гутерриш мырза.

Бөлүшүү:
Next Post

Туунун сүрөтүн эмнелерге түшүрүүгө болбойт?

Мамлекеттик тууну, гербди жана гимнди маскаралагандарды мыйзам чегинде жоопко тартуу сунушталды. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Демилгечи Жогорку Кеңештин депутаты Мейкинбек Абдалиев. Долбоордун негиздемесинде соңку мезгилде мамлекеттик символдордун сүрөттөрү кийим-кечелерге, айрыкча ич кийимдерге жана байпактарга түшүрүлгөн учурлар бар экени айтылып, бул атрибуттардын баркын төмөндөтөрү белгиленет. «Ошондой эле, мамлекеттик символдор […]

Сизге жагышы мүмкүн