БУУнун баш катчысы тынчтык саммитине барбайт

Автор

Швейцарияда өтүүчү Украина боюнча тынчтык саммитине БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш катышпайт, бирок, уюм катышат. Бул тууралуу башкы катчынын расмий өкүлү Стефан Дюжаррик брифинг учурунда билдирди.
Анын ордуна Гутерреш тийиштүү деңгээлде делегацияны жөнөтүүгө ниеттенүүдө. Швейцариядагы тынчтык саммити 15-16-июнь күндөрү өтөт. 80ден ашык мамлекеттер конференцияга катышууну ырасташты, анын ичинде АКШ, Германия, Франция, Финляндия жана башкалар.

Бөлүшүү:
Next Post

Фехтование боюнча спортчулар Азия чемпионатына катышат

Кыргызстандын фехтование боюнча спортчулары Кувейтте өтө турган Азия чемпионатына катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти. Маалыматка ылайык, мелдеш 21-27-июнь күндөрү өтөт. Ага Кыргызстандан 5 спортчу катышат. Курама команданын тизмеси: — Роман Петров; — Акак Кеңешова; — Рустам Исламов; — Илим Бакытбек кызы; — Барсбек Раимбердиев. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн