БУУнун баш катчысы Путинге инаугурацияга байланыштуу кат жолдоду

Автор

БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш Владимир Путинге анын Россиянын президенттигине киришүүсүнө байланыштуу кат жолдоду. Бул тууралуу баш катчынын басма сөз катчысынын орун басары Фархан Хак билдирди.
«Ооба, биз муну жасадык»,-деген Фарханн Хак каттын мазмуну тууралуу толук маалымат берген жок. БУУнун расмий өкүлү Стефан Дюжарриктин айтымында Антонио Гутерриш бардык шайланган президенттерге инаугурациядан кийин ушундай каттарды жөнөтөт.
Владимир Путиндин инаугурациясы 7-майда Кремлдин Чоң сарайында өттү. Путин бул кызматты 2030-жылга чейин аркалайт.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүнкү доллардын курсу

Бүгүн, 15-майга карата Кыргызстандын коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда 1 долларды сатып алуу 88 сом 20 тыйындан болсо, сатуу 89 сом 30 тыйынга чейин болууда. Ал эми Улуттук банкта 1 доллардын курсу 88 сом 40 тыйын деп көрсөтүлгөн Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн