БУУнун баш катчысы качкындар лагерине болгон чабуулду айыптады

Автор

БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш Израилдин Коргоо күчтөрүнүн Газа тилкесиндеги Рафах шаарындагы качкындар лагерине жасаган соккусун айыптады. Кол салуудан анклавдын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча 45 адам набыт болгон. Гутерриш мырза мындай аракеттерди токтотууга чакырды.
«Мен бул кандуу кагылышуудан башпаанек издеп жүргөн ондогон бейкүнөө жарандардын өлүмүнө алып келген Израилдин аракеттерин айыптайм. Газада коопсуз жай жок. Бул коркунучту токтотуш керек”,-деп жазган БУУнун баш катчысы X социалдык тармагында.

Бөлүшүү:
Next Post

Мектептерде мамлекеттик экзамендер качан башталат?

Кыргызстанда мектептерде мамлекеттик экзамендер 3-июндан 15-июнга чейин жүргүзүлөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдирди. Маалыматка ылайык, жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация окутуу кыргыз, орус, ɵзбек жана тажик тилдеринде жүргүзүлгөн жалпы билим берүү уюмдарынын 9-11-классынын бүтүрүүчүлөрү үчүн 4 предмет боюнча жүргүзүлөт. 9-класстын бүтүрүүчүлөрү үчүн: алгебрадан (жазуу түрүндө комплекстүү тест) – 3-июнда; […]

Сизге жагышы мүмкүн