БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш Кыргызстанга келди

Автор

Кыргызстанга Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерриш келди. «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунда конокту министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов тосуп алды.


Сапардын алкагында КРдин президенти Садыр Жапаров, тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү, ошондой эле ПРООНдун бир долбооруна баруу пландалууда.
Тараптар БУУнун алкагындагы кызматташуунун абалын жана келечегин талкуулап, эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашат.

Бөлүшүү:
Next Post

Ош – Баткен – Раззаков унаа жолу толук ачылды

Ош – Баткен – Раззаков унаа жолу толук ачылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, аталган унаа жолдун 43-чакырымындагы Чили-Сай көпүрөсүн калыбына келтирүү иштери жүрүп, каттам жанданды. Азыркы тапта да калыбына келтирүү, бекемдөө иштери Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин кызматкерлери жана атайын техникалар тарабынан уланууда. […]

Сизге жагышы мүмкүн