БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш иш сапары менен Кыргызстанга келет

Автор

Президент Садыр Жапаровдун чакыруусу менен Бириккен улуттар уюмунун баш катчысы Антониу Гутерриш 1-3-июль күндөрү Кыргызстанга иш сапары менен келет. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

“Иш сапарынын алкагында Чолпон-Ата шаарында президент Садыр Жапаров, тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү, ошондой эле БУУнун Өнүгүү программасынын долбоорлорунун бирине баруусу пландаштырылууда.

Тараптар БУУнун алкагында кызматташуунун абалын жана келечегин талкуулашат, эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашат”, – деп Муратбек Азымбакиев белгиледи.

Бөлүшүү:
Next Post

Байдендин штаб-квартирасы: Президент утулса да шайлоо жарышынан чыкпайт

АКШ президенти Жо Байден мурдагы президент Дональд Трамп менен болгон акыркы дебатта утулганы менен шайлоо жарышына катышууну улантат. Бул тууралуу The Hill басылмасына Байдендин шайлоо штабынын башчысы Сет Шустер билдирди. Дебатты уюштурган CNN телеканалынын сурамжылоосунун жыйынтыгына ылайык, көрүүчүлөрдүн 67 пайызы Дональд Трампты дебаттын жеңүүчүсү деп эсептешкен. Жо Байден өзүнүн жеңилүүсү […]

Сизге жагышы мүмкүн