БУУнун баш катчысынын Борбор Азияга сапары: Гутерриш Өзбекстанга келди

Автор

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы катчысы Антониу Гутерриш Борбор Азия өлкөлөрү Өзбекстан, Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан жана Түркмөнстан боюнча сапарда жүргөнүн БУУ билдирди. Азыркы учурда ал Өзбекстанда жүрөт. Гутерриш бул аймакка 2017-жылы барган. Башкы катчы Ташкентке расмий сапар менен келди. Аэропортто аны Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов тосуп алды. Гутерриш Ташкентке келгенден кийин тышкы иштер министри Бахтиёр Саидовдун коштоосунда «Янги Узбекистон» паркын зыярат кылды. БУУнун Башкы катчысы Эгемендүүлүк монументине гүл койду. Андан кийин Антониу Гутерриш Ташкенттеги Хазрати Имам комплексине барды. Башкы катчыга комплекс аймагында жайгашкан мечиттердин жана мавзолейлердин курулушунун тарыхы, бул жерде сакталган Осмон Кураны жана анын Өзбекстанга келип калуу тарыхы тууралуу маалымат берилди. Антониу Гутерриш 7-июлда Нью-Йоркко кайтып келет.

Бөлүшүү:
Next Post

Куруттун пайдасы эмне?

Курут – Орто Азия элдеринде, өзгөчө көчмөндөр арасында кеңири таралган кургатылган йогурттан жасалган салттуу сүт азыгы. Ал мүнөздүү кычкыл даамга ээ жана көп учурда закуска же ар кандай тамактарга кошумча катары колдонулат. Куруттун пайдасы: 1. Аш болумдуу заттар: куруттун курамында белок, майлар, углеводдор, витаминдер (өзгөчө В топтору) жана минералдар (кальций, […]

Сизге жагышы мүмкүн