БУУнун башкы катчысы Кыргызстанды чаап бараткан күлүккө окшоштурду

Автор

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 2-июлда, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун башкы катчысы Антониу Гутерриш менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Президент Садыр Жапаров менен БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриштин сүрөткө түшүү аземи болуп, андан соң кеңейтилген курамда сүйлөшүүлөр башталды.
Мамлекет башчысы БУУнун Башкы катчысы менен учурашып жатып, Кыргызстандын бермети болгон Ысык-Көлдүн жээгинде БУУнун делегациясын тосуп алууга кубанычта экенин белгиледи.
Жолугушууда БУУ баш катчысы Антониу Гутерриш Кыргызстандын экономикалык өнүгүүсүн жана коңшулары менен маселелерди чечүү аракеттерин кубаттады.
Гутерриш мурда бир нече ирет Кыргызстанга келип кеткенин айтып, “бирок мындай динамиканы эч качан көрбөгөнүн” белгиледи. Ал Жапаровго кайрылып, “сиздин өлкөңүз мурда уктап жаткан болсо, азыр чуркаган күлүккө айланыптыр” деди.

Бөлүшүү:
Next Post

Ташиев аскердик окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүнө наам жана дипломдорду тапшырды

Бүгүн, 2-июлда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин академиясынын кесиптик кайра даярдоо курсунун жана Россия Федералдык коопсуздук кызматынын аскердик окуу жайынын бүтүрүүчүлөрүнө алгачкы аскердик наам жана дипломдор тапшырылды. Бүтүрүүчүлөргө аскердик наам жана дипломдорду УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев тапшырды. Маалым болгондой, өлкө коопсуздугун коргоо жаатында эмгектенген коопсуздук органдарын жыл сайын УКМКга караштуу А.Бакаев […]

Сизге жагышы мүмкүн