БУУнун башкы катчысы Газадагы жаңжалдын күчөшүнө тынчсыздануусун билдирди

Автор

Бириккен Улуттар Уюмунун башкы катчысы Антониу Гуттериш Чолпон-Атада президент Садыр Жапаров менен жолугушууда Газадагы жаңжалдын күчөшүнө тынчсыздануусун билдирди.
Анын айтымында Газадагы каралдуу жаңжалга тыкыр иликтөө жүргүзүү керек. Газада армия жок, бирок ал жакта мезгил-мезгили менен чоң жоготуулар жана кыйроолорго алып келген бомбалоолор жүргүзүлүп жатат. “Буга чекит коюлушу керек. Ушул себептен биз башынан бери эле ок атууну токтотууну, барымтадагыларды бошотууну жана Газанын жашоочуларына гуманитардык жардам көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берүүнү суранып келе жатабыз”, – деди БУУнун башкы катчысы.
Мындан тышкары гуманитардык каатчылык абалды андан ары курчутууда. Ошондой эле Гуттериш абалдын курчуп кетүү коркунучуна байланышту тынчсыздануусун билдирди. “Бул эле аралык коомчулук үчүн кабыл алынгыс нерсе, биз тынчтык болот деп үмүттөнөбүз”, – деп белгиледи ал.

Бөлүшүү:
Next Post

3-июлда күтүлгөн аба ырайы

Эртең, 3-июлда күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +13…+18, күндүз +27…+32, Талас өрөөнүндө түнкүсүн +8…+13, күндүз +25…+30, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +16…+21, күндүз +30…+35, Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +7…+12, күндүз +21…+26, Нарын облусунда түнкүсүн […]

Сизге жагышы мүмкүн