БУУнун башкы катчысы Боливиядагы төңкөрүш аракетине тынчсыздануусун билдирди

Автор

БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш Боливиядагы төңкөрүш аракетине байланыштуу кабарларга терең тынчсыздануусун билдирип, каршы тараптарды өлкөнүн конституциялык түзүлүшүн коргоого чакырды.
“Башкы катчы бүгүн Ла-Пас шаарындагы окуялардан жана аскердик төңкөрүш аракетинен терең тынчсызданууда”,-деди дүйнөлүк уюмдун башчысынын өкүлү Стефан Дюжаррик.
Шаршемби күнү жергиликтүү ЖМКлар Ла-Пастагы өкмөттүк имараттар жайгашкан Мурильо аянтына аскерлердин чогулганын маалымдашты. Аянтка атайын техника да жеткирилген. Жергиликтүү маалымат каражаттарынын билдиргенине караганда, мурда армиянын башкы командачысы кызматынан бошотулган генерал Хуан Хосе Сунига аскердик бронетранспортердин жардамы менен президенттик сарайга кирүүгө аракет кылган. Боливиянын лидери Луис Арсе демократияны сактоого чакырып, болуп жаткан окуяны төңкөрүш аракети деп атады. Аны көптөгөн чет элдик мамлекет башчылары колдошту.
Ла-Пас аянтындагы тополоң үч сааттай уланды. Ушул убакыттын ичинде президент сарайдын ичинде болду. Ал элге кайрылуу жасап, армиянын жаңы жетекчилигин дайындады. Ал аскерлерди аянттан чыгып кетүүгө чакырды. Аскерлер буйрукка баш ийишти. Генерал Сунига камакка алынды.

Бөлүшүү:
Next Post

Кошумча тестирлөө: дагы 2 окуучу "алтын сертификатка" ээ болду

Кошумча Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгында дагы 2 абитуриент “алтын сертификатка” ээ болду. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти. Белгилей кетсек, май айындагы ЖРТга жүйөөлүү себептер менен катыша албай калган бүтүрүүчүлөр үчүн 21-23-июнда кошумча тестирлөө өткөрүлгөн. Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынара Батракеева анын жыйынтыгында эки абитуринет […]

Сизге жагышы мүмкүн