БУУнун Башкы ассамблеясы Палестинанын мүчөлүк маселесин карайт

Автор

БУУнун Башкы ассамблеясы 10-майда БУУнун Коопсуздук Кеңешинен Палестинанын дүйнөлүк уюмга мүчөлүгү маселесин кайра карап чыгууну талап кылган резолюция долбооруна добуш берет.
10-майда резолюция долбоору Бириккен Араб Эмираттары тарабынан БУУнун Башкы ассамблеясынын добушуна коюлат. Документте Палестина БУУга мүчөлүк критерийлерине жооп берери жана ошондуктан дүйнөлүк уюмга мүчө катары кабыл алынышы керектиги айтылат.
Буга чейин, 18-апрелде АКШ Палестинанын дүйнөлүк уюмга толук мүчө болушун талап кылган БУУнун Коопсуздук Кеңешинин резолюциясына вето койгон.

Бөлүшүү:
Next Post

Жиу-житсу боюнча Азия чемпионатында кыргыз спортчулары 7 медаль утту

Кыргызстандын жаштар арасындагы жиу-житсу боюнча курама командасы 8-Азия чемпионатында 7 коло медалга ээ болушту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти. Маалыматка ылайык, мелдеш Бириккен Араб Эмираттарынын Абу-Даби шаарында 3-майдан 8-майга чейин болуп өттү. Чемпионатка 30га жакын өлкөдөн келген 1300дөн ашык спортчулар катышты. Жеңүүчүлөрдүн тизмеси: -Султан Русланбеков(U-18, 69 кг); […]

Сизге жагышы мүмкүн