БУУнун Башкы Ассамблеясы келечек боюнча Пактты Россиянын каршылыгына карабай кабыл алды

Автор

БУУнун Башкы Ассамблеясына кирген өлкөлөр ачарчылык, теңсиздик жана жаңжалдарга каршы күрөшүүгө чакырган Келечек Пактты кабыл алышты. Бул документ БУУнун Башкы Ассамблеясынын жогорку деңгээлдеги жумалыгын ачкан келечек саммитинин негизги документи болуп саналат.
Россия бул документке каршы чыкты. Өлкөнүн Тышкы иштер министринин орун басары Сергей Вершинин жыйында бул пактты “келишилбеген текст” деп атады. Дипломат Россия, Беларуссия жана Никарагуа өлкөлөрүнүн атынан пактка өзгөртүүлөрдү сунуш кылды. Бирок Башкы Ассамблея сунушту кароодон баш тартты. Бул чечимди 143 өлкө колдосо, Түндүк Корея, Сирия, Судан жана Иран каршы чыкты. 15 мамлекет калыс добуш берди.
«Россия бул документке жана Глобалдык санариптик келишим боюнча консенсуска, айрыкча куралсыздандыруу боюнча жоболорго, бейөкмөт уюмдардын БУУнун жана Адам укуктары боюнча Жогорку комиссар башкармалыгынын ишине катышуусуна байланыштуу бөлүктөргө макул эмес»,-деди Вершинин.
Келечек саммити Нью-Йоркто 22-23-сентябрда өтүп, БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриштин демилгеси менен уюштурулган. Келечек Пакты — бул 30-барактык документ болуп саналат. Анда мамлекеттерге ачарчылык жана жакырчылык, эл аралык жаңжалдар, климаттын өзгөрүшү сыяктуу көйгөйлөрдү чечүү үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү колдонууга убада берүү сунушталган. Ага Глобалдык санариптик келишим жана Келечек муундар боюнча декларация тиркелген.

Бөлүшүү:
Next Post

Шашылыш билдирүү! Аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт

26-27-сентябрда Кыргызстандын аймагында аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт.Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык,түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондорунда кар, айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. 27-сентябрда күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Иссык-Көл, Нарын облстарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Түндүк-батыштан соккон […]

Сизге жагышы мүмкүн