БУУнун Башкы ассамблеясы Израилди Палестинадан чыгып кетүүгө чакырган резолюция кабыл алды

Автор

Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы Израилди оккупацияланган Палестина аймактарын бир жыл ичинде чыгып кетүүгө чакырган резолюцияны кабыл алды. Бул документти Россия, Катар, Кытай жана Франция сыяктуу 124 мамлекет колдоп добуш берди. Ал эми АКШ, Израиль, Венгрия жана Чехия сыяктуу 14 мамлекет каршы чыкты. Дагы 43 өлкө добуш берүүдөн карманды. Резолюцияны кабыл алуу үчүн үчтөн эки бөлүк добуш талап кылынган.
Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан резолюцияны колдогон 124 мамлекеттин катарына кирди.
Израиль бул резолюцияны четке какты. Израилдин БУУдагы туруктуу өкүлү Дани Данон бул добуш берүүнү «Палестин автономиясынын дипломатиялык терроризмин колдогон уят чечим» деп атады.
БУУнун Башкы Ассамблеясынын резолюциялары, Коопсуздук Кеңешинин документтеринен айырмаланып, милдеттүү юридикалык күчкө ээ эмес.

Бөлүшүү:
Next Post

20-сентябрга карата аба ырайы

Эртең, 20-сентябрда түнкүсүн Кыргызстандын аймагында жаан-чачын болбойт. Күндүз көпчүлүк аймактардын тоолуу райондорунда жаан жаашы мүмкүн. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Баткен облусунда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 9…14, күндүз 23…28; Талас өрөөнүндө түнкүсүн 6…11, күндүз 20…25; Баткен, […]

Сизге жагышы мүмкүн